Бүгүн, 20-июнда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына жана "Айтыш" коомдук фондунун 20 жылдыгына арналган айтыш өтүп жатат.
Анда 12 акын ат салышып, айтышууда. Айтышта Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Амантай Кутманалиев үстүндөгү Эстебес Турсуналиевдин чепкенин жаш акын Кубат Тукешовдун үстүнө ырымдап белек кылып жапты.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына жана "Айтыш" коомдук фондунун 20 жылдыгына арналган Айтыштын байге фонду 1 миллион сомду түзөт. Тандоо туруна 48 акын ат салышып, алардын ичинен 12си алдыга озуп, Айтышка жолдомо алган.