Кыргыз Республикасынын Эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына жана "Айтыш" коомдук фондунун 20 жылдыгына арналган айтыш 20-июнь күнү Бишкектеги улуттук филармонияда болуп өттү.
Айтышта жалпысынан 12 акын ат салышып, арасынан финалга төрт акын чыгып, төмөнкү төкмөлөр жеңишке жетишти.
Идирис Айитбаев бул ирет да баш байгеге ээ болуп, күйөрмандарын кубандырды. Ал эми биринчи орунга Акматбек Султан уулу, экинчи орунга Жылдызбек Төрөканов ээ болсо, Кубат Тукешов үчүнчү орунга татыды.
Аталган айтыштын тандоо туруна 48 акын катышып, алардын ичинен 12 акын айтышка катышууга укук алган.