Бишкек шаарынын 30 жаштагы Р.Н. аттуу тургуну укук коргоо органына арыз менен кайрылган. Арызда билдиргендей, анын үйүнүн терезеси аркылуу белгисиз адам кирип, 16 миң сомду түзгөн өздүк мүлкүн уурдап кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүү деп Каракол шаарынын 27 жаштагы тургунун кармашты. Тергөө иши жүрүүдө.