Ооруп айыккан жана эмдөөдөн өткөн адамдардагы антителолордун активдүүлүгүн төмөндөтөт. Индияда "дельта плюс" деген коронавирустун жаңы түрү табылды

Индиянын Махараштра штатында коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алган 20 учур аныкталды. Вируска "дельта плюс" деген ат берилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, вирустун жаңы түрү ооруп айыккан жана эмдөөдөн өткөн адамдардагы антителолордун активдүүлүгүн төмөндөтө турган K417N мутациясы менен айырмаланат.

Медициналык билим берүү жана изилдөө департаментинин башчысы Татьярао Лахан жергиликтүү телеканалдардын бирине маек берип жатып, вирус өлкөнүн Нави-Мумбаи, Палгар и Ратнагири деген аймактарында табылганын ырастаган.

Коронавирустун жайылышын чектөө үчүн бийлик атайын зоналарды түзүп, коронавирустун жаңы штаммы табылган жерлерди карантинге алган.

Эске салсак, Кыргыз өлкөсүндө Британ штаммы, Түштүк Африка, Индия, Орусия штаммдары катталганын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shabi
2021-06-21 11:13:17
Ушул окумуштуулар тажатты.изилдеп улам бир турун таап алып,ага бир ат койуп алып эле озторунчо.ал озу келбесе керек мен дельта плюс деген немемин деп.муну дагы окумуштулардын тапканы да
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан