Арменияда 20-июнда өткөн кезексиз парламенттик шайлоодо бюллетендердин дээрлик бардыгы эсептелди. Бул тууралуу армениялык басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, шайлоого 21 партия жана 4 блок катышып, добуш берүүгө 2 миллион 578 миң жарандын ичинен 1 миллион 281 миң 911и же 49,4 пайызы барды.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Никол Пашиняндын "Жарандык келишим" партиясы алдыда келе жатат. "Жарандык келишим" 53,92 пайызга ээ болуп, Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочаряндын "Айастан" (Армения) блогу 21, 04% добуш алган.
Кийинки орундарда "Менде Намыс бар" блогу (Артур Ванецян) - 5,23 пайыз жана "Гүлдөгөн Армения" партиясы (Гагик Царукян) - 3,96 пайыз. Калганы 2 пайыздан көп эмес добушка ээ болгон.