
Бишкекте Ала-Арча суусуна кулап түшкөн киши куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
"Бишкектеги Москва көчөсүндөгү көпүрөдөн 1974-жылы туулган А.Т. аттуу эркек киши Ала-Арча суусуна кулап түшкөндүгү тууралуу "112" кызматынан маалымат келип түшкөн.
Куткаруучулар жерине барышып жабыркаган жаранды алып чыгып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган", - деп жазылат маалыматта.