Ханзаада Гарри менен Меган Марклдын уулуна "ханзаада" наамы берилбейт

Улуу Британия ханышасынын уулу ханзаада Чарльздын планы боюнча Гарри жана Меган Марклдын уулу Арчиге "ханзаада" деген наам берилбейт. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ханзаада Чарльз жакында такка отурат. Ал падыша болгондон кийин небереси Арчи ханзаада болбошу үчүн мыйзамдуу документтерди өзгөртмөкчү. Мындай чечимди ал монархтардын санын кыскартууну талап кылган жарандардын көйгөйүн чечүү үчүн кабыл алган.

Белгилүү болгондой, 36 жаштагы ханзаада Гарри менен 39 жаштагы Меган Маркл АКШга көчүп кеткенден кийин британдыктар алардын жүрүм-турумуна нааразычылыгын билдиришкен. Ал эмес бардык наамдарынан ажыратуу үчүн он миңдеген адамдар кол топтогон.

Эске салсак, 6-июнда Меган Маркл жана ханзаада Гарри экинчи жолу ата-эне болушкан. Ымыркайга Гарринин чоң энеси жана каза болгон апасынын атынан куралган Лилибет Диана деген ысым ыйгарышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан