Биз социалдык тармакта

Депутат Нышанов: "Акылбек Жапаров депутат болуп турганда министр жыйынга келбесе ар дайым көзүнө сайып турчу. Бүгүн жыйынга өзү келген жок"

Бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Сайдулла Нышанов экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун жыйынга келбегенине нааразы болду.

"Бүгүнкү жыйынга Акылбек Жапаров эмнеге келген жок? Акылбек Жапаров кайда? Ал киши депутат болуп турганда министр жыйынга келбесе ар дайым көзүнө сайып турчу эле. Жалган болсо кесиптештер айтсын", - деди ал.

Министрдин орун басары Мирлан Байгончоков Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин жыйынында экенин айтты.

Нышанов: "Сиз тажрыйбалуу министрдин орун басары болосуз. Жуманын башталышында комитет жыйыны болот деп министрлер кабинети чогулуштарын түштөн кийинкиге койсо болбойбу?" - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан