Кыргыз спортчулары Түркияда өткөн күрөш боюнча эл аралык турнирде 5 медалга ээ болушту.
Маалыматка ылайык, "Vehbi Emre&Hamit Kaplan" турнири 19-20-июнь күндөрү Стамбул шаарында (Түркия) өттү.
Анда Жоламан Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмак ченинде финалга чыккан, бирок машыктыруучулар штабынын чечими менен финалдык беттешке катышкан жок.
60 килограммга чейинки салмакта - Жоламан Шаршенбеков (2-орун);
77 килограммга чейинки салмакта - Акжол Махмудов (3-орун);
82 килограммга чейинки салмакта - Калидин Асикеев (3-орун);
87 килограммга чейинки салмакта - Атабек Азисбеков (3-орун);
97 килограммга чейинки салмакта - Үзүр Жузупбеков (3-орун).