Ленин районунун Ак-Ордо конушунун аймагында стеллаж орнотулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коомдук мейкиндикти жакшыртуу боюнча "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын адистери иштешкен. Алар өз колдору менен 8 метр бийиктиктеги стеллажды жана чоң өлчөмдүү тамгаларды жасашкан.
"Ал толугу менен гранит менен капталган, формасы тоо түрүндө жасалган. Анын айланасына отургучтар орнотулуп, көп жылдык ийне жалбырактуу талдар отургузулуп, брусчатка төшөлүп, газон себилди.
Бардык жасалгалоо элементтери түнкүсүн LED тилкелери жана прожекторлор менен жарыктандырылат", - деп айтылат маалыматта.