Ош шаарында 17 жаштагы кыз асынып каза болду. Маалыматты SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, окуя 20-июндан 21-июнга караган түнү саат 3:00дөр чамасында катталган.
"2004-жылы туулган кыздын сөөгү Оштогу окуу жайлардын биринде жайгашкан спорттук аянтчадагы турникте асынып турган абалда табылды. Окуя Ош шаардык ички иштер башкармалыгында катталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Ата-энеси кызынын сөөгүн соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышты", - деп билдиришти маалымат кызматынан.