Чүй облусунда 19 жаштагы Нурайым Акылбекова аттуу кыз дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кеңешинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал 16-июнь күнү Ленин айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
"Нурайым Акылбекованын бою 165 сантиметр, арык чырай, чачы узун кызыл түстө. Үйдөн чыгарда ак-кара түстөгү футболка жана көк жынсы шым кийип жүргөн", - деп жазылат маалыматта.