Бүгүн, 21-июнда "Ата Мекен" фракциясы лидер Сайдулла Нышановго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган фракциядан билдиришти.
Азырынча лидерликке кимдин талапкерлиги каралары белгисиз экени айтылды.
4-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сайдулла Нышанов "Ата Мекен" партиясынын катарынан чыгып жатканын жарыялаган.
Март айында Сайдулла Нышанов фракция лидери болгон.