"Өспүрүм бала көкүрөккө аткан". Өзгөндө 18 жаштагы жигит октон каза болду

Ош облусунун Өзгөн районунда 18 жаштагы жигит октон каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык 18-июнь күнү саат 15:40 чамасында милиция бөлүмүнө Шералы айылынын Досмат-Ата аймагынын 18 жаштагы тургуну Ж.уулу А. атылган октон каза болуп, жансыз денеси Куршаб аймактык ооруканасына жеткирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери окуя болгон жерден 16-калибрдеги 2 гильза жана 16 калибрдеги ок атуучу сайсыз курал алынган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Шералы айылына караштуу Досмат-Ата жайытында 17 жаштагы К.уулу.Н. аттуу бала өз ара пикир-келишпестиктен улам 18 жаштагы жигитти куралы менен көкүрөккө атып жибергени аныкталган. Ал алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болгон. Маркумдун денесине карата соттук-медициналык экспертиза жургүзүлүп, ок атуучу куралга баллистикалык экспертиза дайындалды", - деп билдиришти облустук милициядан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-беренеси "киши өлтүрүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Real98
2021-06-21 16:55:27
Кокустук болуп кетти окшойт... Ата-энелерине сабыр берсин.
0
Aidan_Ek
2021-06-21 21:58:43
Real98,Кандайча кокустук? Атайлап эле атыптыр го кокуроко.
0
Altyn10076
2021-06-21 23:06:27
Азыркы учурда эч ким киши өлтүргөндөн деле коркпой калды.
0
Kombi
2021-06-22 19:35:18
Адамдар оор стресте журот ото тез ачуулу агрессия менен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан