Бразилияда өтүп жаткан Америка Кубогунда Чили курамасынын 6 футболчусу өздөрү жайгашкан мейманканага сойкуларды чакырып, кече уюштуруп, карантин эрежелерин бузушкан. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Чили курамасынын 6 футболчусу, тагыраагы Артуро Видаль, Эдуардо Варгас, Гари Медель, Жеан Менесес, Пабло Галдамес жана Пабло Арангуиса карантин эрежелерин бузуп, сойкуларды мейманканага чакырышкан.
Бул окуяга байланыштуу Чили курама командасынын Уругвай менен беттештин алдындагы 22-июнда өтө турган пресс-конференциясы жокко чыгарылды.
Америка Кубогунун эки турунан кийин 4 упайга ээ болгон чилиликтер "А" тайпасында экинчи орунда келе жатат.