Франциянын президенти Эммануэль Макрондун башталгыч класстар менен жолугушуусунда бир окуучу андан "бетиңизге шапалак жегенде кандай сезимде болдуңуз" деген суроо узатты.
Дүйнөлүк басылмалар жазып чыккандай, президент Макрон суроого жылмаюу менен "жагымдуу болгон жок" деп жооп берген.
"Бул нерсе жакшы эмес. Себепсиз бирөөнү урган туура эмес. Ката иш кылды", - деген ал.
Эске салсак, өткөн күндөрү Макрон өлкөнүн түштүк-чыгыш аймагындагы Дром департаментине иш сапары менен барган учурда аны белгисиз жаран жаакка чаап жиберген. Франциянын соту президентти жаакка чапкан жаранды 4 айга эркиндигинен ажыраткан.