Орусиядагы мекендешинен миллион рубль акча каражатын опузалап талап кылган шектүүлөр изин жашырып жүргөн жеринен кармалышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү жаз айында Кыргыз жарандарынан түзүлгөн уюшкан кылмыштуу топ Москванын аймактык полициясы тарабынан кармалган.
"5-апрелде түн ичинде Москва шаарынын көчөлөрүнүн биринде кыргыз улутундагы 8-9 белгисиз жаран Кыргыз жаранына күч колдонуп УАЗ үлгүсүндөгү унаага отургузуп, токой тарапка алып барышып, аны курал менен коркутуп, ири суммадагы акча каражатын талап кылышкан.
Бул окуяны ошол жакта кокустан өтүп бара жаткан адам байкап калып, укук коргоо органдарына кабарлаган. Кылмыш болгон жерге полиция келип, опузалаган 4 адамды кармашкан. Алар Жалал-Абад жана Чүй облустарынын тургундары болушат. Алардан ок атуучу курал, “ИЖ-71” үлгүсүндөгү кызматтык тапанча, ок-дарылар, бычак, арматура, дубинкалар табылган. Кармалган жарандардын бири Жалал-Абад облусунун 23 жаштагы тургуну, ал уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бардыгы жөнүндө маалымат бар.
Дагы бир кармалган жаран Ноокен районунун 26 жаштагы тургуну ММА боюнча белгилүү болгон спорттук клубдардын биринде машыгат, спортчу. Окуя болгон жерден дагы Чүй облусунун Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну жана Базар-Коргон районунун 24 жаштагы тургуну кармалган.
Бул факты боюнча Орусиянын тергөө комитетинин аймактык бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси "киши уурдоо" жана 163-беренеси "опузалап талап кылуу" менен кылмыш ишин козгогон. Июнь айында ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар изин жашырып жүргөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 23 жаштагы тургуну кармалды", - деп билдиришти ИИМдин маалымат кызматынан.
Ошондой эле аталган мекемеден бул кылмыш ишине шектелген дагы бир жаран издөөгө алынганын кошумчалашты. Бул факты боюнча айыпталуучуларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана калган шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.