Ошто уурулук жасап жүргөн кылмыштуу топ кармалды

Ошто уурулук жасап жүргөн кылмыштуу эки топтон турган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"2021-жылдын 17-май күнү Төө-Моюн айыл аймагынын 1966-жылы туулган тургуну Ш.А. дачасында турган базар баасы 100 миң сомго бааланган темирин белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Ал эми 1960-жылы туулган М.А.нын өзүнүн жашаган үйүнүн алдында турган базар баасы 25 миң сом турган трактордун шайманын белгисиз жарандар уурдап кетишкендиги боюнча арыз менен кайрылышкан", - деп жазылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча кылмышка шектүү катары Ноокат районунун 19 жаштагы тургуну А.А.Ж., Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 19 жаштагы тургуну А.Э.Б., Ноокат районунун 21 жаштагы тургуну А.К., Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 21 жаштагы тургуну Э.Н., Ноокат районунун 20 жаштагы тургуну Т.Т., Ноокат районунун 21 жаштагы тургуну А.О.Т. кармалды.

Жазык кодексинин 98-беренесинин негизинде, А.А.Ж. жана А.Э.Б. Араван РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми калган кылмышка шектүүлөр үй камагына чыгарылды, учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан