Ооганстандын Кундуз провинциясындагы Тажикстандын Хатлон облусунун Пянж району менен чектешкен Имам Сахиб аймагын "Талибан" кыймылы басып алды. Бул тууралуу тажик басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Талибан" кыймылы бул аймакты бир нече саат мурун басып алган. Эми согушкерлер Кундуз шаарын курчап жатканын жазышты тажик басылмалары. Учурда Кундуз шаарында абал курч. Азырынча жоготуулар жана жаракат алгандар тууралуу так маалымат жок.
Ооганстанда акыркы бир нече айдын ичинде көптөгөн аймактар "Талибан" кыймылынын колуна өткөн. Акыркы эки-үч күндө эле бул өлкөдөгү өкмөттүк күчтөр 15 райондон чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.
1-майда АКШ баштаган чет элдик аскерлер Ооганстандан чыгып кете баштагандан кийин "Талибан" согушкерлери өкмөттүк күчтөргө каршы айыгышкан күрөштү улантууда.
"Талибан" кыймылы Ооганстанда 1994-жылы пайда болгон. Бул кыймыл Ооганстанды 1996-жылдан 2001-жылга чейин жана Пакистандын түндүгүндөгү Вазиристан аймагын 2004-жылдан бери башкарып келген исламчыл кыймыл.