Борбордук шайлоо комиссиясы Чыңгыз Макешовго депутаттык мандат тапшырды. Бул тууралуу аталган комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал КСДП фракциясынан депутат болду. Ал Нодирбек Каримовдун ордуна келди. Нодирбек Каримов башка кызматка кеткенине байланыштуу мандатын тапшырган.