Ысык-Көлдө эс алуу. Чет элдик жарандар үчүн коопсуздук боюнча жети кеңеш

Кыргыз өлкөсүндө жайкы туристтик мезгил башталып, көпчүлүк чет элдик меймандар Ысык-Көлгө эс алууга келишүүдө. Туристтик милиция ар бир эс алуучунун коопсуздугун камсыз кылууда аракеттерин көрүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жана башка суроолорго облустук ички иштер башкармалыгы жооп берет.

1) Алдын ала чара көрүңүз

Эс алуу учурунда өзүңүздүн коопсуздугуӊузду камсыз кылуу үчүн чет өлкөгө келерден мурун бардык документтерди, билеттерди текшериңиз. Алардын бардыгы тийиштүү тартипте жана жарактуу мөөнөттөрүнүн узактыгы болушу керек. Туристтик агенттиктин Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүгүнүн телефондорун жана дарегин жазып коюңуз - алар саякат учурунда сизге жардам берүүгө милдеттүү. Бул өзгөчө жайгаштыруу, жашоо шарттары, тейлөө деңгээли жана тамактандыруу маселелерине тиешелүү.

Сактык маселесине өзгөчө кам көрүӊүздөр жана жеке буюмдарыңыздарга кош көңүл мамиле кылбаӊыздар. Документтерди жана ири суммадагы акчаларды өзүңүз менен алып жүрбөңүз, аларды мейманканада калтырыңыз. Банктык картаңызда сумманын бир бөлүгүн сактаңыз. Ошол эле учурда сапар алдында Кыргыз өлкөсүндө ушул карта менен төлөө мүмкүнчүлүгү бар же жогун текшерип алыңыз. Сиз жашаган мейманканада сейф же сактоо бөлмөсү болсо жакшы болот. Маанилүү документтердин электрондук көчүрмөсүн жасаңыз, түп нускасын жоготуп алган учурда сизге керек болот.

2) Акча каражаттары же документтер уурдалса, кайда кайрылууга болот?

Чет өлкөлүк жаран каалаган уюлдук телефон аркылуу 102 же 112 кыска байланышына же болбосо 0705 009 102 номерине чалып окуя тууралуу кабарлашы зарыл.

Мындан тышкары, Ысык-Көл ОИИБинин туристтик милициясынын базасында call-борбор иштейт, анда чет элдик турист же эс алуучу +996705009102 номерине чалып, керектүү болгон бардык маалыматтарды англис же орус тилдеринде ала алат.

3) Эгерде чет элдик жаран кыргыз тилин билбесе, милиция кызматкерлери менен кантип баарлашууга болот?

Чет элдик туристтер милиция бөлүмүнө келсе котормочу менен камсыз болушат. Котормочу чет элдик жаран сүйлөгөн жана тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткан тилди билип, анын жазуу жүзүндөгү документтерди которуу тажрыйбасы болот.

4) Чет элдик жаранга элчиликтин же консулдуктун өкүлү керекпи?

Уурдоо, талап-тоноо жана башка кылмыштар жөнүндө милицияга арыз менен кайрылуу үчүн чет элдик жаранга өз өлкөсүнүн элчилигинин же консулдугунун өкүлдөрүнүн катышуусу талап кылынбайт. Бирок алар эгерде чет өлкөлүк турист жабырлануучу же күбө катары өтүп жатышса, өз өлкөсүнүн жарандарынын кызыкчылыгынын мыйзамдуу өкүлдөрү катары катышууга укуктуу.

5) Эгерде милиция арызды карабаса...

Эгерде чет элдик жаранга карата кылмыш жасалып, милиция кызматкерлери тергөө ишин создуктурса, ал адам укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттерине же аракетсиздигине сотко даттанууга укуктуу.

Мындан тышкары, арыз ээси ИИМдин ички иликтөө кызматынын 0704 99 99 18 же болбосо ыкчам борборунун 0312 662 331 номерлерине кайрылса болот. Милиция кызматкерлеринин аракеттерине же аракетсиздигине байланыштуу прокуратуранын 0312 542 818 ишеним телефонуна чалып арызданса болот.

6) Жоголгон буюмдар ээсине кайтарылып берилеби?

Эгерде кылмышкер аныкталып, андан жабырлануучунун буюмдары алынса алар ээсине кайтарылып берилет. Кандай болгон күндө дагы уурдоо фактысы кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталат. Милиция сөзсүз түрдө бул фактыны териштирет.

7) Эгерде виза маселеси келип чыкса...

Эгерде Кыргыз өлкөсүндө виза аяктаганга чейин бир нече күн калса, милиция кызматкери чет мамлекеттик жаранды өлкөдөн чыгып кетишин талап кылууга укугу барбы? Жок, андай укугу жок. Визанын мөөнөтү бүтө элек учурга чейин эгерде ал күнгө чейин бир нече күн калган болсо дагы, сизди өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кыла алышпайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан