Бишкек шаарынын мэриясы автобус алуу үчүн 33 миллион евро насыя алат

Бишкек шаарынын мэриясы 33 миллион евро насыя алып, автобус алат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде билдирди.

"300 автобус менен шаардын транспорт маселесин чече албайбыз. Мындан эки ай мурун өнүктүрүү жана реконструкциялоо боюнча Европа банкы менен келишим түзгөнбүз. Бүгүнкү күндө 33 миллион евро насыя алганы жатабыз. Шарттары абдан жакшы, 12 жылга 1 пайыз менен берип жатышат.

Анын 8 миллион евросун грант катары, ал эми 25 миллион евросун1 пайыз менен насыя түрүндө алабыз. Арызыбыз банктын борбордук кеңсесине жиберилген, Каржы министрлиги бизди колдоду. Жылдын аягына чейин ушул акчага 350 чоң, бардык жарандарыбызга ыңгайлуу шарты менен тендер жарыялап автобус алабыз", - деп билдирди Кудайбергенов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asmat84
2021-06-22 14:26:17
Атаңдын көрү карызды алгандан эч бир коркпойт экенбиз да
Мен ойлойм да сөзсүз түрдө эле жаңы албастан бир аз колдонулган техниканы алсак болбойбу арзаныраак түшсө керек эле
0
Malin
2021-06-22 23:01:24
алган насыя карызды ким толойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан