"Шектүү кызга тийишип, денесин кармалап баштаганда кыз кыйкырып жиберген..." Милиция Чүйдөгү 16 жаштагы кыздын өлүмү тууралуу айтты

Чүйдүн Кемин районунда 16 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 21-июнь күнү болжол менен саат 17:15 чамасында Кемин РИИБине аталган райондун аймагындагы токойлордун биринен кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери жансыз денеге кароо жүргүзгөндө анын киши колдуу каза болгондугу аныкталган.

Кийин болжол менен саат 17:30 чамаларында Кемин РИИБине жергиликтүү Х.Л. аттуу аял кайрылып, 2005-жылы туулган кызы 21-июнда болжол менен саат 11:00 чамаларында чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирип, аны издешүүгө көмөктөшүүнү суранган. Каза болгон кыз жогорудагы дайынсыз болуп жаткан 2005-жылы туулган Х.О. аттуу кыз экендиги такталган", - деп билдиришти Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "киши өлтүрүү" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында каза болгон кыздын апасы суракка алынган. Анда 21-июнь күнү болжол менен саат 08:30 чамаларында кызы мектепти аяктагандыгы тууралуу күбөлүгүн алуу үчүн кетип, көп өтпөй болжол менен саат 10:59 чамаларында кошунасынын телефонунан чалып үйгө сугат жумуштары бүткөндө барарын айтып, ошол боюнча үйүнө келбегенин билдирген.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмыш ишине шектелип, буга чейин бир нече жолу соттолгон 1979-жылы туулган Б.К. аттуу жаран кармалган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүүдө, ошол күнү болжол менен саат 11:00 чамаларында каза болгон кыз апасына чалуу үчүн кошунасынын телефонун сурап, андан кийин акча сураган учурда шектүү кызга тийишип, денесин кармалап баштаган. Ал маалда кыз кыйкырып баштаганда коркуп кеткен шектүү кызды муунтуп, кийин башка кошунасынын унаасын сурап, жансыз денени жашыруу үчүн аны токойго таштап салганы маалым болгон", - деп кошумчалашты облустук милициядан.

Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
ErkinOkenovich
2021-06-22 12:17:51
Кайран омур.эй манкурт жаш кызга кызыкпай уйлонуп катынына жабышпайсынбы сыйпалап. Килендеген эле киши экенсин. Жат эми Айлап жылдап зар какшап.
Жалындап жаны бурун ачайын деп келаткан, гулубуздон айылында.
+15
ErkinOkenovich
2021-06-22 12:18:34
Айрыдын манкурт
+5
algakaray
2021-06-22 12:34:46
Ушундайлардын эмнесин айайбыз билбейм тем более мурун да соттолгон эшек экен. Ит аткандай тынчытыш кк. Кайран кана жаш кыз. Боорум ачыйт да ушундайды укканда.
+12
Sara1993
2021-06-22 16:47:15
algakaray, Эн туура бизге олум жазасын киргизиш керек , ушундай манкурттарды площадь га алып барып туруп элдин козунчо атып салыш керек, ошондо башкаларга дагы сабак болот.
+4
-FREEDOM-
2021-06-22 13:46:55
Кудай сакта. Балларым чонойгон сайын корком. Мындайлардан кантип коргойбуз?
+4
Nursul
2021-06-22 13:54:45
Эч бир соо күн жок экен да бизде, бул эшекти кармап сотко чейинки өндүрүшү жок эле олтуруп эле салыш керек. Бул акмака ошол эле жарашат. Өзү ушундай зөөкүрлөр көбөйүп кетти бизде бирөөнө эле жеткий жаза колдонуп койгондо башкалары кызып калар эле антпесе көбөйүп баратат.
+4
Sakubek
2021-06-22 13:57:20
Акча сурубаса керек
+3
VENOM
2021-06-22 14:09:06
Кебетен с****н
0
Asmat84
2021-06-22 14:17:39
Бирок эч бир далилди көрбөй турам го. Кармалап баштаганын кыйкырып жибергенин эч ким көрбөсө ким каяктан айтып отурат. Мен бул менен эч бир далилди көрбөдүм. Балким жөн гана подставадыр ким билет.
-1
Nina.alex
2021-06-22 15:42:08
Asmat84,акмак.сен тууганысын го алдыгы щумщуктун
-1
Asmat84
2021-06-23 08:43:26
Nina.alex, мен эч кандай дос тууганы эмесмин мен таптакыр башка жактанмын ал тургай ал районго барган эмесмин менин айтайын дегеним күнөөлүү адам далилденсе атып салыш керек ал бизге Кыргызстанга кереги жок акмак бирок ошол өлтүргөн точно ошолбу ошол эмеспи деген ойдомун
0
Jaysan030
2021-06-24 10:21:41
Nina.alex, минус басылып кетти кечиресиз, ++++++++++++
0
aidai89
2021-06-22 15:57:18
Мындай педофил ондуулорго олум жазасын койгула,оз кызындай эле экен го,байкуш кыз
+3
Kisa-2014
2021-06-22 16:20:21
Бироонун канча мээнет менен чонойткон кызын ,кантип колун барды олтургонго ,акмак
+5
Datka7777
2021-06-22 17:07:22
Атыш керек, соттоп алып кайра бакпай мамлекеттин эсебинен
+4
Muaz2707
2021-06-22 17:11:03
Аллахым жазанды берсин
+3
Nur777
2021-06-22 17:45:40
Тушунуктуу кылып жазгылачы:кошунасына чалып акча сураган учурда шектуу кармалап,кыз кыйкырып,шектуу муунткан....кандай тушунсо болот?
+7
Kombi
2021-06-22 19:28:54
Nur777, ушак жазгандай эле жазат булар. Текшерген адам жок.
+8
Rakyl12
2021-06-23 10:16:55
эхх эхх, акмактардын айынан канча омур кыйылды, алигисинен дарака асып коюш керек буларды.
+1
DNurgiza
2021-06-23 15:41:51
Кошунасын сураш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан