Бишкекте ботаникалык бакта куураган чөп күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 21-июнда Октябрь районуна караштуу Иса Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан ботаникалык бакчанын аймагында 60 чарчы метр куураган чөп күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, саат 19:39да чектөөгө алынып, саат 19:56да толук өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда, жабыркагандар жок.