Спортчу Каныкей Кубанычбекова ок атуу боюнча Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчунун жолдомого ээ болгону ВП-6 көнүгүүсүдө онлайн жана оффлайн өткөн эл аралык мелдештерден кийин белгилүү болгон.
Каныкей Кубанычбекова 2020-жылы өткөн Кыргыз өлкөсүнүн Кубогунун жеңүүчүсү. Мындан сырткары спортчу көптөгөн эл аралык мелдештерде баш байгеге ээ болгон.
Айта кетсек, Каныкей Кубанычбекова - спорттун ок атуу түрү боюнча Олимпиада оюндарына лицензия утуп алган алгачкы кыргыз спортчусу.