Түштүк Африка Республикасында 37 жаштагы Госиаме Ситхоул аттуу аял бир төрөгөндө эле 10 ымыркайды жарыкка алып келгени кабарланган. Учурда ал психикалык ооруканага жаткырылды.
Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, келиндин жолдошу укук коргоочуларга кайрылган. Анда жубайы 10 бала төрөгөнүн жарыялагандан кийин эле дайынсыз болуп, байланышка чыкпай калган.
"Полиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп, тиешелүү кызматка өткөрүп берген. Анда 37 жаштагы келинге текшерүү жасалып, ал акыркы жылы кош бойлуу болбогону далилденген. Ал эми Госиаме Ситхоул төрөдүм деген ооруканадан дагы анын көз жарганын тастыктаган эмес. Аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен июнь айында республика боюнча бир дагы аял 10 бала төрөгөн факты катталбаганын белгилеген.
Мындан улам Госиаме Ситхоул Йоханнесбург ооруканасына жаткырылып, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды. Келиндин жактоочусу аны ооруканада мажбурлап кармап жаткандыгын жана ал сотко кайрылуу жасай тургандыгын билдирген", - деп айтылат маалыматта.