Жашоочулар менен компания ортосунда чыр чыгарган курулуш

SUPER.KG порталына Бишкек шаарындагы Климент Тимирязев жана Токтоболот Абдымомунов көчөлөрүндө жашаган тургундар кайрылышты. Алардын үйүнүн жанына "Макро Констракшн" компаниясы көп кабаттуу үй салып, андан жашоочулар жабыр тарткандыгын айтышты. Биз окуянын чоо-жайын билүү үчүн көп кабаттуу үй салынып жаткан жайга барып, андан соң тараптардын пикирин угуп келдик.


4 баланын энеси Айнагүл Бекмуратова бул үйдө 30 жылдан бери жашай тургандыгын, үйүнүн жанына көп кабаттуу үй салынып, сарайынын бир тарабы урап түшүп калгандыгын айтат.

"Биз бул үйдө кайын энем, жолдошум, төрт балам менен жашайбыз. Курулуш компания үй куруп баштагандан кийин биздин сарайдын арткы дубалы кулап түштү. Оңдоп бергиле деп кайрылсак, бизди уккан эч ким жок. Бир нече жерге кайрылдык, бирок биз тарапка чечилген жооп ала албай келебиз. Кыш түшкөнчө бир нерсе кылып салып беришсе деп эле отурабыз", - дейт Бекмуратова.

Дал ошондой эле Назира Калыкова дагы бул курулуштан жабыр тарткандардын бири. Ал жетектеген "Илим-Билим Нур" бала бакчасындагы ашкананын бир жак дубалы урап түшкөн.

"Март айында ортобузду бөлүп турган дубал, биздин бала бакчанын ашканасынын дубалы кулап түшкөн. Окуя түндө болгон экен. Эгер күндүз кулап, бул жерде балдар ойноп жатса эмне болот эле, элестете да албайм. Ар бир баланын коопсуздугуна бул жерде болгон соң биз жооп беребиз. Азыр дагы кооптуу абалда курулуш жүрүп жатат. Бакчанын астына балдар чыгып ойнойт. Курулуш компанияга "Коопсуздук эрежелерин толук сактап, андан соң ишиңерди жасагыла" десек бизди тоготуп да койгон жок", - дейт Калыкова.

Тургундардын үнүн уккан соң биз "Макро Констракшн" курулуш компаниясына байланыштык. Курулуш компаниянын башкы директорунун орун басары Бакыт Айдарбеков курулуш мыйзамдуу экендигин жана да бардык документтер бар экендигин билдирди.

"Баардык органдардын уруксат кагаздары бизде бар, курулуш мыйзамдуу түрдө жүрүп жатат. Текшерүүлөр келип баары ордунда экендигин көрүп кеткен" дейт Жеңишбеков.

Ал эми Бишкекбашкыархитектура башкармалыгына аталган маселе боюнча кайрылып, бирок жооп ала алган жокпуз.

Жашоочулар менен компания ортосунда чыр чыгарган курулуш
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Asmat84
2021-06-24 10:42:01
Убагында ошол жеринерди ошол курулуш компаниясына сатып же болбосо ошол жаңы курулуп жаткан курулуштан суммаңарга жараша 3 бөлмөлүү 4 бөлмөлүү батирге алмаштырып алыш керек эле да. Өзүңөр келише албай койгонсунар ошондуктан алар да на принцип жасап жатышса керек.
-1
jazmina909090
2021-06-24 15:29:42
Asmat84,Мүмкүн алар этаж үйдо жашагысы келбесе керек?Алар снос боло турган үйлөр эмес да.Ал эми бала бакчаны да не этажга көчүруш керек болуп калабы ошондо????бул жак Прогрупп компаниясына карайт адашпасам.Просто ачык чыгаргысы келбей жатат да.Бул да болсо чоң таанышы күчтүү бирөөнүкү да акмактар.
0
aizbek
2021-06-24 13:10:14
Мин жолу на принцип жасаса дагы кошуналарга эч кандай зыянын тийгизбей мешайт этпей ишин кылыш керек да,зыяны тийдиби толош керек,документте жазуу жок болуш керек мен озумдукун курсам жасасам болду жанындагылар эмне болсо ошол болсун деген
+2
Alinur96kg
2021-06-24 16:04:15
Башында сатабыз дешип баасын суйлошушкон экен,кийин суйлошкон баадан кымбат сурашыптыр болбосо сатпайбыз деп.Ошентип тигилер да албайбыз деп койушуптур деп окугам.Кимисиники канчалык туура экенин билбедим.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан