Кара-Балта шаарында милиция кызматкерлери тарабынан баңгизат таратууга шектелип жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрь күнү Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматтар боюнча, 24-октябрь күнү 7:00дөрдө милиция кызматкерлери тарабынан баңгизатын таратып жүргөн 49 жаштагы Р.А. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Кармалган жарандын үйүн тинтүү учурунда таратууга даярдалып койгон 60 грамм баңгизат менен 17 даана Калашников автоматынын октору табылган. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.