Биз социалдык тармакта

"Айдоочуну сөккөн". Сокулуктагы жолдо тартылган видеодогу инспектор жумуштан бошотулду

Буга чейин "Сокулукта жол тескөөчүсү айдоочуга сөгүндү" аталышындагы видео интернет желесине тараган. Видеодогу инспектор кызматынан бошотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Аталган инспектор ички иштер органдарынын тартиптик уставын бузгандыгы, кызматтык тартипти жана кесиптик этиканы сактабагандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулду", - дешти мекемеден.

Социалдык тармактарда тараган видео ушул жылдын 17-июнунда тартылган. Андан ЖКККБнын кызматкери тарабынан жол чырактагы кызыл белгиден өттү делген Лексус үлгүсүндөгү жол тандабас токтотулганы, андан кийин башка унаанын айдоочусу (видеонун автору) токтоп, инспекторго жол чырактагы белгилердин убактысы жакын болуп калганын, ал убакта унаа кайрылып өтө албастыгын айтып жатканын көрүүгө болот.

Сокулуктагы жолдо тартылган видеодогу инспектор жумуштан айдалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
algakaray
2021-06-22 15:06:19
Ушинтип кантип онугобуз анан.
+1
sainazarov0555
2021-06-22 15:28:30
Тооба, ушиндай кылык жоруктары менен иштеп журобу. Галжиндаган бир демего.
+3
nazira...
2021-06-22 16:24:40
Мен болгондо жазган штрафын толосом керек эле. Же айтканын берип дегендей. Ушинтип бир эки адам убактысын болуп, мага окшогондорго ушундай жардам кылып койсо, гаилер деле ойлонуп калаар аз да болсо.
+6
Asmat84
2021-06-23 00:43:11
Азаматсың Эртай сенин эмгегиң бул да болсо. Кечээ каналындан көрдүм эле
Негизи эле ушул гаилер аябай кутуруп кетишти эле
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан