Биз социалдык тармакта

Жол фонду ачылса анда жылына 3 миллиард сомго жакын каражаттын топтолуусу болжолдонууда

Жол фонду ачылса анда жылына 3 миллиард сомго жакын каражаттын топтолуусу болжолдонууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Демилгечилердин бири депутат Нурбек Алимбековдун айтымында, өлкө аймагындагы жолдордун абалын эске алуу менен, депутаттар тобу Жол фондун түзүү демилгесин көтөрүүдө. Ал үчүн Бюджет жана Салык кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Жол фондуна төлөмдөрдүн тарифи кийинчерээк аныкталмакчы. Мыйзам кабыл алынып калса, Жол фонду 2023-жылдан тарта иштей баштайт.

Транспорт жана жол министри Гүлмира Абдралиева билдиргендей, Кыргыз мамлекети жалпы тышкы карызынын 2 миллиард доллар жол тармагына тийиштүү. Жол фонду ачылса анда жылына 3 миллиард сомго жакын каражаттын топтолуусу болжолдонууда.

Депутат Рыскелди Момбековдун пикиринде, бул мыйзам кабыл алынып калса, кайрадан эле карапайым калкка оорчулук келет. "Күйүүчү май ансыз деле кымбаттап кетти, анын пайдасын кимдер көрүп жатканын билесиздер. Мыйзам долбоорун четке кагыш керек", - деди ал.

Депутат Улугбек Ормонов өлкө аймагындагы жолдордун акыбалы өтө начар экенин эске салып, азыр Жол фондун түзбөсөк, жакынкы жылдарды жолду таптакыр жоготуп алышыбыз мүмкүн экенин айтты.

Өз кезинде депутат Шайлообек Атазов "Эмне үчүн кээ бир "сулуу чымчык" депутаттар, министрлер кабинетинин өкүлдөрү уурдаса карызды эл төлөшү керек?" - деген пикирин билдирген.

Белгилей кетсек, жол тармагына мамлекеттик бюджеттен жылына 2 миллиард сомдон кем эмес каражат каралышы керек болсо, бюджеттин тартыштыгынан улам 600 миллион сом гана бөлүнүп келген, ал жолдун жыртыгын жамоого да жетпейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mirlan_86
2021-06-22 16:22:40
Жол фондун ачпаш керек. Жолду курган (асфальт тошогон) ишканаларды жакшылап текшериш керек эмнеге бизде эки жылдык эле кепилдик бар жол курган ишканаларга? кепилдик монотун узартыш керек 15-20 жылга жарай турган кылып курууш керек эптеп эле асфальт тошоп коюп анан кайра эки жылдан кийин бузулуп эптемей курган ишканаларды текшериш керек
+4
Kombi
2021-06-22 19:22:32
Бензовоз , фура жана оор жук ташуучулар бузат жолду. Ошолор толосун.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан