Жеңил атлетика боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Казакстандан 7 медаль менен кайтышты. Кимдер? (тизме)

Жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөлөрү "Гусман Косанов мемориалы" салттуу эл аралык мелдешинде 6 медаль (3 алтын, 1 күмүш, 2 коло) жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 19-20-июнь күндөрү Алматы шаарында өткөн.

"Мелдешке 13 өлкөдөн 200дөн ашык спортчу катышты. Ал эми Кыргыз курамасынын башкы машыктыруучу Айбек Сыргакбековдун жетекчилиги алдында 12 жеңил атлетчи аталган иш-чарага жөнөтүлгөн.

Мындан сырткары Гүлшаной Сатарова Алматы марафонуна катышып, 21,1 чакырым аралыкты 1 саат 20 мүнөт 35 секундада чуркап өтүп, жарым марафондун жеңүүчүсү аталды", - деп жазылат билдирүүдө.

Жыйынтыктар:
Алтын – Нурсултан Кенешбеков, 1500 м аралыкта (3:44.31);
Алтын – Нурсултан Кенешбеков, 5000 м аралыкта (14:48.47);
Алтын – Мусулман Жоломанов, 800 м аралыкта (1:51.25);
Күмүш – Гүлшаной Сатарова, 1500 м аралыкта (4:36.39);
Коло – Самат Казакбаев, 1500 м аралыкта (3:55.87);
Коло – Бердигул Айтпай уулу, 5000 м аралыкта (15:16.54).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан