Жайыл РИИБинин кызматкерлери тарабынан жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жайдан кишини сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрь күнү Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматтар боюнча, окуя үстүбүздөгү жылдын 22-февраль күнү Бишкек-Ош жолунун 100-чакырымында катталган. Кармалган айдоочу жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жайдан 33 жаштагы М. Болотбек аттуу Токмок шаарынын тургунун сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу оор жаракаттар менен аймактык ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу милицияга окуяга күбө болгон айдоочулар кабарлашкан. Учурда аталган кылмышка шектелип, 24 жаштагы А.Ж. аттуу Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.