Эркин күрөш боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Түркиянын Стамбул шаарында өтө турган эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу күрөш федерациясынан билдиришти.
"Yasar Dogu" аттуу эл аралык турнир 25-27-июнь күндөрү өтөт жана ага Кыргыз өлкөсүнүн атынан 11 балбан катышат.
Турнирге катыша турган балбандардын тизмеси: 57 кг
Мырзаназар уулу Бекболот
Сманбеков Алмаз
61 кг
Жолдошбеков Улукбек
Жумашбек уулу Тайырбек
65 кг
Акматалиев Эрназар
Осмонов Алибек
70 кг
Орозбеков Исламбек
Токтогул уулу Айбек
79 кг
Изабеков Атай
86 кг
Карыпбаев Нуртилек
92 кг
Жамгырбек уулу Дөөлөтбек.