Биз социалдык тармакта

Мурдагы вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева ИИМде сурак берди

Мурдагы вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Ички иштер министрлигинде сурак берди. Бул тууралуу Сурабалдиева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, Сурабалдиева ИИМге октябрь окуясы боюнча суракка чакыртылган. Анын айтымында, учурдагы Кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык, баш аламандыкка байланыштуу сотко чейинки өндүрүш башталган. Ошондон бери октябрь окуясынын миңдей активдүү катышуучулары суракка алынган.

"Менин окуяларга болгон көз карашым - ошол күндөрү тиешелүү органдар тарабынан, басма сөз кызматкерлери тарабынан даярдалган жана жеке мен эфирге чыгарган аудио жана видео материалдар болгондуктан, өзгөчө деле нерсе кошумчалаган жокмун. Мен ошол күндөрү сүйлөгөн сөздөрүмдү жана иш-аракеттеримди гана тастыктадым", - деп жазды Сурабалдиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
suban78
2021-06-23 00:35:18
Ээ озунчо президент болуп берейин деп тимеле ушугу кунубуз тушуп тургансып. Жакшы болуптур, текшергиле, булда деле мыйзамсыз иштери толтура болсо керек. Бош челек катуу калдырпйт деген соз бар, ото эле калдырап жиберген ошол кундору. Тынчтыкка чакырбай элди дурбоууго алып барган.
-4
Rifle_I
2021-06-23 01:10:25
Митинг өзү мыйзамсыз. Октябрь учурундагы башаламанга түздөн түз Мекеним Кыргызстан менен Биримдик партиясынын шакалдары жасаган махинациясы себеп болду. Ошолорду камаш керек, башка партияга кирип шайлоого катыштырбай.
-2
Azat-123
2021-06-23 03:10:36
Прейзикти колдонууну мектеп окуучуларына үйрөтүш керек деген ушул Сурабалдиевабы?
-1
Dembele84
2021-06-23 08:40:31
Сурабалдиеп деле ак эмес,ажылдап площадда ушул жургон бетин табактай кылып телефон экранына батпай туз эфир кылып ыйлаган киши болуп турдуу болуп корунуп))))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан