Биз социалдык тармакта

Жолдун туура эмес жеринен кесип өткөндөргө миң сом айып салынат (видео)

Бишкекте автоунаа жүргөн жолдун туура эмес жеринен кесип өткөндөргө 1000 сомдон айып салынат. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ленин райондук ички иштер башкармалыгы жолду туура эмес жерден кесип өткөндөргө эскертүү иретинде ролик тартты. Анда милиция кызматкеринин эскертүүсү менен айып салганына карабай, жөө жүргөн кишини жолдун кооптуу жеринен өтүп баратканда унаа сүзүп кеткенин көрүүгө болот.

"Маршруттук таксиде келе жатканда жолдун ортосунан же көчөнүн кесилишинен түшүп кетүү кооптуу экендигин эскертебиз. Айып пулдар жөө жүргөндөргө, велосипедчендерге жана мал айдагандарга салынат", - деп билдиришти райондук милициядан.

Жолдун туура эмес жеринен кесип өткөндөргө миң сом айып салынат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kkkk3259780
2021-06-23 09:25:34
биринчи кармалгандарга эскертуу берип койгула.
+4
Mrbektur
2021-06-23 09:30:18
Элден алганга эле кыйын 200-300 сом брлбойбу.
+4
nurka_85
2021-06-23 09:45:36
Туура эле, бирок , мен далай штраф алмак экен элем Буга чейин болгондо.
+3
Spb
2021-06-23 10:23:13
Мынча кынбат бизде Россияда менда тушком ошондой штраф менен бирок 550 рубил тологом бизге деле 500 сом норма еле болот озу
+4
raikakyz
2021-06-23 10:23:50
Туура, пешеходдон өтүш керек, башаламан оң келген жерден өтө бербей. Чет өлкөлөрдө штраф төлөйсүң жолду кесип өткөндө. Бизде дагы жол тартиби болуусуна каршы эмесмин.
+5
aerforce
2021-06-23 10:56:27
Туура
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан