Чүйдүн Ысык-Ата районунда 34 жаштагы Элдияр Байгазиев аттуу жаран дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал 7-июнь күнү аталган райондо жайгашкан сарайдан чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Белгилери: Бою 175-180 сантиметр, арык чырай, көздөрү кара, чачы кара.
Кийген кийимдери: үстүнө кара түстөгү футболка, ак түстөгү спорттук шым, көк түстөгү бут кийим.