Америкалык ишкер Илон Масктын SpaceX компаниясы күзгө чейин Starlink спутник системасын колдонуп бүткүл дүйнөнү зымсыз интернет менен камсыз кылууну пландаштырууда. Бул тууралуу аэрокосмостук корпорациянын президенти Гвинн Шотвеллге шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Macquarie Group технологиялык веб конференциясында ал компания буга чейин 1 миң 800гө жакын спутникти ийгиликтүү жайгаштыргандыгын жарыялаган. Алар эксплуатациялык орбитага жеткенден кийин SpaceX "глобалдык интернет камтылышына" ээ болот деген Шотвелл.
Ошол эле учурда ал ченемдик укуктук актыларды алуу керектигин билдирген. Шотвеллдин айтымында, компания жалпы баасы 10 миллиард долларга бааланган 12 миң спутник жайгаштырууну пландаштырып жатат.