Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Наталья Никитенко "Ата Мекен" фракциясынын лидери алмашканы боюнча айтты. Ошону менен катар эле фракция лидери Сайдулла Нышановго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечими кабыл алынганын билдирди.
Сайдулла Нышанов анда добуш жетпей калганын белгиледи. "Мыйзамды сыйлашыбыз керек. Юридикалык бөлүм мага бул боюнча жыйынтык берип койсо туура болот", - деди ал.
Депутаттар "Ата Мекен" фракциясынын ичиндеги маселе өз ара чечилиши керектигин айтышты.