Биз социалдык тармакта

Шайлообек Атазов: "Ата Мекен" фракциясынан чыгып, өзүнчө депутат болуш керек. Интригадан бошобогон фракция экен"

Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Сайдулла Нышановго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечими кабыл алынганы айтылды.

Анда депутат Шайлообек Атазов Сайдулла Нышановго ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө негиз жок экенин билдирди.

"БШКнын мүчөлүгүнө 6 эле депутат шайланат. Ошого бир фракциядан 3 адам коюп алып, мектепте окуп жүргөндөн 70 жашка чыкканга чейин БШКны эңсеп келет экен. 6 орунга батпай калып, бул маселени Жогорку Кеңеште көтөрүп жатат. Мамлекеттик маселени чече турган жерге интрига кылып жатышат. Фракция өзүнүн талапкерлерин тандап берүүдө. Сайдулла Нышановго ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө, жаңы лидер шайлаганга добуш жетпей калган. "Ата Мекенде" бардыгы бизнесмендер экен. Бизнесмендердей болуп эсептешип жатышат. "Ата Мекен" фракциясынан чыгып, өзүнчө депутат болуш керек. Интригадан бошобогон фракция экен. Борбордук шайлоо комиссиясына барбай эле депутат болуп отурсаңар өмүрүңөр токтоп калабы? Чоң мыйзамдар турат. Мындай интриганы палатага алып чыкпаш керек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dembele84
2021-06-23 12:31:20
Текебаев кеткенден бери звезда болгондор кобойду бул партияда,ит мышык болуп олушту
+3
Asmat84
2021-06-23 12:55:09
Негизи күчтүү жигит бул
Иштей турган экен
Бөлүнүп чык да ата мекен бул илгертен эле интрига ушак менен келе жаткан фракция
0
umarbey
2021-06-23 13:00:12
Ata meken partiyasi, anin negizdoochusuda intrigadan boshoboyt. Intriga alardin kesibi.
+1
Federik
2021-06-23 18:50:02
Атазов бул сага сабак болот келечеке.Текебаев мне десе ошол болот партияда.Убагында Мырзакматов менен биригип Теке,парламентке откондон кийин Мелисти жардан туртуп койгон.Сен да ошондой болуп атасын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан