Коңшу Казакстанда күйүүчү май тартыштыгы жаралды

Коңшу Казакстанда күйүүчү майга болгон баа 250-300 теңгеге чейин көтөрүлдү. Аталган өлкөнүн маалымат каражаттарында кабарлангандай, Казакстандын түштүгүндө күйүүчү майдын тартыштыгы пайда болуп, май куюучу жайларда дизель майы түгөнүп, оор жүк ташуучу унаалардын узун кезектери жаралды.

Маалыматка караганда, Түркстан аймагындагы Батыш Европа - Батыш Кытай эл аралык трассасы эми жүк ташуучу унаалардын парадына окшоп калды. Жүк ташуучу унаалар жолдун жээгинде бир нече чакырымга турушат же май куюучу жайлардан кезекке туруу үчүн күрөшүүдө. Транспорттук компаниянын өкүлү Ринат Фазитдинов дизелдик отунду 192 теңгеге Шымкент шаарынын четиндеги Qazaq Oil жайынан тапканын айтат. Бирок аталган май куюучу жайдан ар бир кардарга 100 литрден гана сатылат. Бул чоң жүк ташуучу унаа үчүн океандын бир тамчысындай дейт ал.

"Бизде коон жүктөлгөн беш унаа бар. Жетисайдан жүктөгөнбүз, бирок дизель майы 250 теңгеден болгондуктан биз Шымкенттен арзан баада май куюп алабыз деп үмүттөнүп, бул жакка келдик. Биз бул жерге таңкы саат беште келдик, ушул саатка чейин турдук. Дизель майы аз, түгөнүп калышы мүмкүн.

Кезектер өтө чоң, биз товарларыбыз бузулуп кетеби деп коркобуз. Дизелдик отун 100-150 литр чегинде берилет, бирок бул биздин муздаткычы бар унааларыбыз үчүн жетишсиз. Бир унаага 1200-1500 литр май куюлат. Биздин жүктөрдүн бардыгы Орусияга, Түндүк Казакстанга, Нур-Султанга кетет. 3-6 күн аралыгында жетишип калышыбыз керек, бирок бул жерде биз эки күндү жоготтук”, - деп нааразы болду транспорттук компаниянын өкүлү Ринат Фазитдинов.

Ал эми Шымкенттеги абал мындан жакшы эмес. Бир аптадан бери шаарда дизелдик отун менен иштеген автобустардын 50-60 пайызы гана каттамга чыккан. Түштүк автотранспорт ассоциациясынын төрагасы Дархан Каюпов бардыгына Энергетика министрлиги күнөөлүү дейт.

"Күн сайын линиядан 1000 автоунаа кетет, анын 600ү дизелдик отун менен жүрөт. Башкача айтканда, Шымкент шаарында бизге күнүнө 45-50 тонна дизелдик отун керектелет. Эмне үчүн Энергетика министрлигинин кызматкерлеринин жоопкерсиздигинен жүргүнчүлөрдү ташуу кыйынчылык жаратып жатат?! Мен Шымкенттеги ири май куюучу жайларды аралап өттүм: "Синойл", "БР" жана башкалар - дизель майы жок", - деген ал.

Энергетика министрлиги айыптоолорду жосунсуз деп эсептейт. Министрликтин Мунайды ташуу жана кайра иштетүү департаментинин директору Талгат Курманбаев Шымкент нефтини кайра иштетүүчү завод капиталдык ремонттон өткөрүү пландалгандай бүткөрүлгөндүгүн, бардык орнотуулар иштеп жаткандыгын, бензин өндүрүү, дизелдик отун калыбына келтирилгенин айтат. Ошондой эле ал бардык мунайды кайра иштетүүчү заводдор күнүмдүк өндүрүш жана ички рынокко мунай заттарын жөнөтүү менен кадимки режимде иштеп жаткандыгын баса белгиледи.

"Азыр Казакстан темир жолу менен биргеликте түштүк региондорго приоритеттүү жүк ташуу тездетилип жатат. Жалпы өлкө боюнча 21-июнга карата нефть продуктуларынын запасы жетиштүү. Май куюучу жайлардын ээлери эмне болуп жаткандыгын түшүндүрбөй жатышат. Ал эми айдоочулар болсо күйүүчү май каякка агып кетти деп тынчсызданышууда", - дейт Курманбаев.

Шымкентте май куюучу жайларда дизель майы талон менен гана берилүүдө. Айдоочулар бир нече саат бою узун кезекке турууга аргасыз. Анткени көптөгөн май куюучу жайлар күйүүчү майды сатууну толугу менен токтоткон.

Айыл тургуну дизель майынын жоктугунан эмне кыларын билбей турганын айтат. Айтымында, Энергетика министрлиги мындай көйгөй өлкөнүн үч түштүк аймагында жаралганын, буга Шымкенттеги мунайды кайра иштетүүчү заводдо пландаштырылган оңдоо иштери себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aslan_akjol89
2021-06-23 14:32:52
Таждикистанга оптом откоруп салышты да,оздору таппай калышты.
+3
Asmat84
2021-06-23 19:17:42
Чалдын тактысы кетмейинче Казакстан оңолбойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан