Депутат Улугбек Ормонов Ботаникалык бакты сактап калуу керектигин айтты. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал Улуттук илимдер академиясынын карамагындагы Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактын абалы тууралуу сөз кылды.
"174 гектар аймакты ээлеген бакча жылдан-жылга жок болуп барат. Суу жок, ал тургай өрттөлүп кеткен учурлар да арбын. Бишкек шаарын таза аба менен камсыздап турган Ботаникалык бакты сактап калуу керек. Абалды көзөмөлгө алуу зарыл", - деди ал.