"Аппак кыз жана 7 эргежээл" жомогунун негизинде кинотасма тартылат. Башкы каармандын образын колумбиялык-поляк тектүү америкалык 20 жаштагы Рейчел Зеглер ойнойт. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Зеглер өзүнүн карьерасын жаңы гана баштап жатат. Актриса 30 миң талапкердин арасынан тандап алынган.
Тасмада режиссёрлук милдетти Марк Уэбб аткарат. Ал эми фильмдин музыкасын Бенж Пасек жана Жастин Пол жазышмакчы. Тасманы тартуу иштери 2022-жылы башталат деп пландаштырылууда.