Пара алууга шектелип кармалган УКМКнын мурдагы кызматкери акталды

2020-жылы Каржы полициясы тарабынан пара алуу беренеси менен кармалган УКМКнын мурдагы кызматкери акталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чечимди Октябрь райондук соту 18-июнда чыгарган.

Шектүү төмөнкү беренелер боюнча күнөөсүз деп табылып, акталды:

- Жоруктар жөнүндө кодексинин 172-беренеси "документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү жок кылуу, бузуу же жашыруу";

- Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу";

- Жазык кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту "пара опузалоо".

"Өкүмгө макул болбогон тарап жарыяланган күндөн тартып Бишкек шаардык сотко 30 күн ичинде даттанууга укуктуу", - деп билдиришти соттон.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери 2020-жылы 4-сентябрда пара алуу беренеси менен кармалган. 11-сентябрда УКМК кызматтык иликтөөсүн аяктап, анын жыйынтыгында аталган кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kuban-1207
2021-06-23 14:32:18
Кайра ушинтип актап коё бере беришет
+4
Shabi
2021-06-23 15:20:15
Kuban-1207камап кайра бошотууда,азыркы бийликке тан калып деле кереги жок
+2
algakaray
2021-06-23 17:18:01
Кимисине ишенем биобейм чынын айтсам
0
Zumrudianka
2021-06-23 19:18:40
Ылайга батып калган соттор канчалык адал туура иштегиле деген сайын уйронгон адат олгондо калат болуп, сатылып уйронгон соттор жаныланмайынча сатыла берет проституткалар соттор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан