Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Анда президент ишкерлерди мыйзамсыз текшерүү фактыларын алдын алган атайын кеңеш түзүлөрүн билдирди.
"Президенттик администрацияга тапшырма берем. Жакынкы аралыкта "Коррупцияга каршы ишкерлик кеңеш - коомдук башталышта" түзүлөт. Ушуга бүт ишкерлер мүчө катары кирсе болот. Мыйзамсыз текшерүүлөр бара турган болсо ушул кеңешке же Башкы прокуратурага кайрыласыздар. Андан ары мен өзүм көзөмөлдөйм", - деп билдирди Жапаров.
Буга чейин ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин антикоррупциялык кызматы жоюларын билдирген.
Мамлекет башчы менен жолугушууга ар кайсы тармактардын, анын ичинде өлкө аймактарынан келген компаниялар менен уюмдардын өкүлдөрү да катышты.