Абакта калтырылган Асылбек Жээнбековдун жактоочусу: "Соттор эски жана жаңы мыйзамдын беренелерин аралаштырып иш кылышууда"

Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаардык соту Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочунун өтүнүчүн карады. Сот Жээнбековду камакта калтыруу чечимин кабыл алды.

Жактоочу Давран Касымов журналисттерге буларды айтып берди.

"Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бирок ошол башында чыгарылган чечим мыйзамсыз болгон. Бул жерде мыйзам башаламандыгы болуп жатат, кээ бир беренелерди мурунку мыйзам боюнча, кээ бирин жаңы мыйзам менен өздөрүнө тууралап иш кылышууда. Азыркы мыйзам боюнча бул депутаттар камалбашы керек эле. Биз кандай болбосун мыйзам үстөмдүгү орнойт деп ишенебиз жана биз өз багытыбызда аягына чейин турабыз", - деди Касымов.

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасы каралып, соттун жыйынтыгында алар абакта калтырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuban-1207
2021-06-23 15:45:38
Туура камалсын
+4
Zumrudianka
2021-06-23 18:42:49
БОЛО БЕРЕТ ЭПТЕП КАША КЫЛЫШСА ДА КАМАШСЫН ЧЫКПАСА БОЛДУ.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан