"Убагында парламентте Садыр Жапаровду дагы тилин бууп, сүйлөтпөй койгонсуңар", - деп бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Саматбек Ибраев билдирди.
"Биз мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн суроо берели деп жатабыз. Бизди чектеп жатасыздар. Тарых үчүн айтып коёюн. 7 жылдын ичинде Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов канча депутатка жагып калганын билбейм. Бул кишинин жүргүзгөн саясаты боюнча кете берсек туңгуюкка кабылабыз", - деди ал.
Вице-спикер Аида Касымалиева регламент боюнча иш жүрүп жатканын айтты. Ага кенен убакыт берилгенин белгиледи.