Ашхабад чет өлкөлүктөр үчүн эң кымбат шаар деп табылды. Бишкекчи?

Түркмөнстандын борбор шаары Ашхабад чет элдиктердин жашоосу үчүн эң кымбат шаар деп табылып, былтыркы жылдын биринчилигин алган Гонконг шаарын артта калтырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Бул рейтинг жыл сайын америкалык "Mercer" аттуу компания тарабынан дүйнөлүк компанияларга жана бийликке жардам катары жүргүзүлүп келет. Изилдөө кайсы шаарда кызматкерлерине канча эмгек акы төлөөсү керектигин көргөзүп, чоң жеңилдик берет.

209 өлкөнү кучагына алган рейтингди түзүүдө компания турак жайдын, транспорттун, тамак-аштын жана 200дөн ашуун товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына карап баа берген.

Алдыңкы 10 орунду төмөнкү шаарлар ээлеген:

  1. Ашхабад;
  2. Гонконг;
  3. Бейрут;
  4. Токио;
  5. Цюрих;
  6. Шанхай;
  7. Сингапур;
  8. Женева;
  9. Пекин;
  10. Берн.

Бул өлкөлөрдүн көпчүлүгү иш борборлору жайгашкан шаарлар болгондуктан, тез ылдамдыкта экономикалык өсүүсү, жашоо шартынын баасынын да кескин өсүшүнө алып келген. Ал Ашхабад шаарынын бул рейтингге илиниши өлкөдөгү оор экономикалык кризиске байланыштуу. Өлкөнүн экономикасы дээрлик толугу менен Орусияга экспорттолгон газдан көз каранды.

Ал эми аталган компаниянын изилдөөсүнүн жыйынтыгында, Бишкек шаары эң арзан шаар деп табылган. Анда Бишкек 209 өлкөнүн ичинен 209-орунду ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belek1710
2021-06-23 21:09:27
Бишкек эмнеден көз каранды, Кыргызстан буйруса өнүгүүнүн жолунда.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан