Дзюдочу Владимир Золоев быйыл жайында өтө турган "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
"Владимир Золоев 81 килограмм салмактык даражада Токиодо өтө турчу XXXII жайкы Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алды. Спортчу 2018-жылдан тарта 12 турнирге катышып, жалпы 2 миң 380 упай топтогон", - деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Владимир Золоев Азия жана Океаниянын учурдагы чемпиону.
Муну менен Кыргыз өлкөсүнүн атынан Олимпиада оюндарына 15 спортчу катышат.