"Токио-2020": Айсулуу Тыныбекова Олимпиададагы рейтингде биринчи номурду алды

Кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекова быйыл жайында өтө турган "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында өз салмак категориясында биринчи номурду алды. Мындай маалымат Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтына жарыяланды.

Олимпиададагы номурларды ар бир салмак категориядан күчтүү делинген 4 балбан алган. Жалпысынан 62 килограмм салмакта Олимпиадада байге үчү 16 спортчу күч сынашат. Анын ичинен эң мыкты 4 балбан 2019-жылдагы Дүйнө чемпиондугу, ошондой эле бир нече рейтингдик турнирлердеги көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн дүйнөлүк рейтингге ылайык тандалган.

Экинчи орунду болгариялык Тайбе Юсеин, үчүнчү орунду украиналык Юлия Остапчук, төртүнчү орунду япониялык Юкако Каваи ээлеген. Олимпиадада бул төрт балбан кыз жарым финалга чейин бири-бири менен беттешпейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
salimbek87.kg
2021-06-23 18:58:35
Азаматсын ийгилик ар дайым сен тарапта болсун
+9
nazira...
2021-06-23 19:18:16
Алга жан кыз, сен эле озү бизди сүйүнттүргөн, эми воообще сүйүндүргүн э кыргыз элин.
+6
Palpa
2021-06-23 21:50:05
Аллахым колдосун!!! Сен Япониядан алтын медаль утсан бир аз болсо да кымбатчылыкты ойлобой суйунуп алат элек.
+5
Aimani
2021-06-23 22:35:55
Олимпиада оюндарында ийгилик коштосун эми.Бутундой кыргыз эли куткон жакшылыкты тартуулайсын деп ишенебиз.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан