Тажикстан Ооганстан менен болгон чек арасын күчөтүлгөн режимде кайтарууга өттү

Коңшу Тажикстан Ооганстан менен болгон чек арасын күчөтүлгөн режимде кайтарууга өттү. Бул тууралуу Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун төрагасы Ёдгор Фаизовго таянуу менен РИА Новости басылмасы жазды.

"Ооганстандагы кооптуу абал бизди ички туруктуулукту камсыз кылууга мажбур кылды. Учурда чек арачылар күжүрмөн даярдыкта турушат", - деген Фаизов.

Ошондой эле Фаизов чек арадагы кырдаал курчуп жатканда качкындарды кабыл алууга даяр экенин билдирген.

"Биздин экономикалык жана саясий мүмкүнчүлүктөрүбүздү эске алып, биз 10 миңден ашуун оогандык качкындарды кабыл алууга жана аларга кам көрүүгө даярбыз", - деп кошумчалаган ал.

Ооганстанда акыркы бир нече айдын ичинде көптөгөн аймактар "​​Талибан" кыймылынын колуна өткөн. Акыркы эки-үч күндө эле бул өлкөдөгү өкмөттүк күчтөр 15 райондон чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Ал эми кечээ, 22-июнда "Талибан" кыймылы Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы "Шерхан-Бандар" аттуу бажы өткөрмө пунктун басып алган.

1-майда АКШ баштаган чет элдик аскерлер Ооганстандан чыгып кете баштагандан кийин "Талибан" согушкерлери өкмөттүк күчтөргө каршы айыгышкан күрөштү улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_I
2021-06-24 01:43:10
Бумеранг.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан